Кумтөрдү иштеткен канадалык «Centerra Gold Inc» компаниясынын директорлор кеңешине Кыргызстандан Тенгиз Бөлтүрүк сунушталды. Ал кыргызстандык үч өкүлдүн бири болорун «Кыргызалтын» ишканасынын басма сөз кызматы «Азаттык» радиосуна билдирди.
20-октябрда премьер-министр, презденттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров Тенгиз Бөлтүрүктүн директорлор кеңешине дайындаганын Би-Би-Сиге берген интервьюда айтып, аны иш билги адис катары мактаган.
«Centerra Gold Inc» компаниясынын директорлор кеңешинде Канададан сегиз, Кыргызстандан үч өкүл бар. Алар - Дүйшөн Касенов, Максат Көбөнбаев жана Аскар Өскөмбаев.
Тенгиз Бөлтүрүк алардын кимисинин ордуна барары азырынча белгисиз.
Кумтөр кени 2026-жылы жабылары айтылып келген. Бирок акыркы жылдары кенде чалгындоо иштерин жүргүзүп, анын мөөнөтүн 2040-жылга чейин узартууга мүмкүн экени, бул үчүн «Centerra Gold Inc» 2020-жылы 20 миллион доллар бөлөрү кабарланган. (SE)
Кумтөргө байланыштуу башка макалалар:
Кумтөр: жаңы келишимде эмне өзгөрдү?«Центерра» Кумтөрдү чалгындагысы келет«Центеррадагы» сыйлуу орундар