Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев 9-11-ноябрда Түркияда иш сапары менен болот. Бул тууралуу Түркиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий сайтында кабарланды. Министр түрк бийлигинин өкүлдөрү менен жолугушуп, эки өлкө ортосундагы кызматташтык маселелери талкууланат.
Түркияга 8-ноябрда барган тышкы иштер министри Казакбаев ушул эле күнү Анкара шаарында кыргызстандык мигранттар менен жолугушуп, шайлоо жараянындагы мигранттардын орду, виза маселеси жана кыргыз-түрк дипломдорунун эки өлкөгө бирдей таанылышы талкууланды.
Министр иш сапарында Стамбул жана Анкара шаарларындагы ишкер чөйрөнүн айрым өкүлдөрү менен да жолугушары кабарланды.
Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев иш сапардын алдында, 3-ноябрда Бишкекте Түркиянын Кыргызстан менен кызматташкан ишкер чөйрөсүнүн өкүлдөрү менен жолугушкан.
4-октябрдан кийинки бийлик алмашууда келген тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу менен 19-октябрда телефон аркылуу сүйлөшкөн. Ал эми Түркия Кыргызстан эгемендик алгандан кийин дипломатиялык алака түзгөн алгачкы мамлекеттердин катарына кирет. (ElB)