COVID-19: Дагы бир киши каза болду, 499 адам жаңы катталды

Коронавирус оорусу октябрь айынан бери кайра күчөдү.

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 14-ноябрдагы маалыматына караганда, кечээтен бери бул илдеттен Баткен облусунан бир киши каза болду. Жалпысынан көз жумгандардын саны 1 196 адамга жетти.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 499 адамдан табылды. Алардын эң көбү Бишкек шаарында – 108 киши жана Чүй облусунда 83, Жалал-Абад облусунда 70, Ысык-Көлдө 59, Ош облусунда 52 бейтап.

Оору жуккандардын жалпы саны 65 953 кишиге жетти.

Бир күндө 540 адам сакайып чыгып, оорудан айыккандардын саны 56 847 кишиге жетти. Ушул күндөрү ооруканада 3 315 адам жатат, дагы 3 905 бейтап үйдөн дарыланууда.

Кыргызстанда март айынын этегинде башталган эпидемия июль айында курчуп, көп киши каза болгон. Сентябрдын башында каза болгондор катталбай калган. Оорунун экинчи толкуну октябрда башталды. (BTo)