Бишкек абасы булганыч шаарлардын сап башына чыкты

Кара түтүнгө чулганган Бишкек шаары.

Дүйнөдөгү шаарларда абанын булгануу деңгээлин күнү-түнү аныктап турчу "AirVisual" тиркемесинде Бишкек алдыңкы сапка чыкты.

Кыргызстандын баш калаасынын абасы 20-ноябрда эң көп булганып, ондогон шаарлардын арасында биринчи орунда турду. 21-ноябрда Индиянын Дели шаары биринчи, Бишкек экинчи орунга түштү. Андан ары Кабул (Ооганстан), Калькутта (Индия), Лахор (Пакистан) жана башка калаалар турат.

2019-жылдын ноябрь айында да Бишкек дүйнөдөгү абасы эң булганыч шаардын бири аталган. Айлана-чөйрөнүн абалын шаарларга орнотулган «Airnow» жабдуусу аныктайт.

Абанын кирдешине автоунаалардын газы, үйлөрдөгү мештерден жана Жылуулук электр борборунан чыккан түтүн себеп болору айтылып жүрөт. (SE)

Дагы караңыз

Ыш мээни иштетпей, кишини семиртетКоронавирус менен кошо абаны тазалайлыБишкек жакын арада ыштан арылбайт Бишкек абасы эң булганыч шаарларга кошулдуАба кирдегенде адам өзүн бактысыз сезетБишкек кара түтүндөн тумчугуп турат