АКШ элчилиги Кыргызстанда референдумдун мөөнөтүн жылдыруу боюнча сунуштарды кубаттады

Америка Кошмо Штаттары Кыргызстанда конституциялык реформа боюнча референдумду жазга же андан кийинге калтыруу боюнча сунушту кубаттайт. Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчилиги 27-ноябрда тараткан билдирүүдө айтылат.

Анда элчилик кыргыз элине өз мамлекетин кандайча башкаруу зарыл экени боюнча бир пикирге келиш үчүн убакыт керек экенин белгилеген.

«Конституцияга киргизилчү бардык өзгөртүүлөрдү кыргыз эли кеңири коомдук талкуудан кийин чечиши керек. Конституциялык кеңешме жарандык коомдун, жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана оппозициянын өкүлдөрүн камтышы керек», деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле сураныч болсо эл аралык өнөктөштөр бул жараянга жардам көрсөтүүнү улантары айтылган.

«Венеция комиссиясы кыргыз эли конституциялык өзгөртүүлөрдү карап, талкуулап жатканда техникалык колдоо көрсөтө алат», - деп белгиленген.

АКШ элчилиги конституциялык өзгөрүүлөргө байланыштуу чечимдерди кийинкиге жылдыруу менен президенттикке талапкерлер өлкөдөгү олуттуу маселелерге, анын ичинде COVID-19 пандемиясына, уюшкан кылмыштуулукка каршы жүрүп жаткан күрөшкө көбүрөөк көңүл бурууга мүмкүнчүлүк аларын кошумчалаган.