Кыргызстан | Жаңылыктар (17.12.2020) "Azattyk News"

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

- Матраимовдордун жакын адамы делген Кылыч Саркарбаев кармалды. Ал буга чейин жасаган кылмыштарын жаап-жашыруу үчун фамилиясын алмаштырып, мамлекеттик кызматка келген деп айыпталууда.
- Мадумаров Ысык-Көл аймагында шайлоо өнөктүгүн жүргүзө албай калганын айтып чыкты. Ал эми Садыр Жапаровду Мамлекеттик күзөт кызматы кайтарып жүргөнүн журналисттер аныктап чыкты. Боршайком ИИМ менен Башкы прокуратурга кайралды. - Ошто сот имаратынын терезесинен чыга качкан прокурор Сарыков кызматтан алынды. Буга чейин соттогу нааразы тарап прокурор процесске мас болуп катышканын айтып чыгышкан.