Күрөш боюнча дүйнө кубогунда дагы эки кыргыз балбаны коло байге утту

Кыргызстандын желеги.

Сербиянын Белград шаарында өтүп жаткан Күрөш боюнча дүйнө кубогунда эркин күрөш таймашында эки кыргыз балбаны коло байге утту.

Айаал Лазарев азербайжандык Жамаладдин Магомедовду 11:0, Исламбек Орозбеков азербайжандык Гитиномагомед Гаджиевди 6:5 эсебинде жеңди.

12-декабрда башталган Күрөш боюнча дүйнө кубогу 18-декабрда аяктайт.

Кыз-келиндер күрөшүнөн Айсулуу Тыныбекова менен Мээрим Жуманазарова алтын, Айпери Медет кызы коло медаль уткан. Грек-рим күрөшүнөн Жоламан Шаршенбеков алтын, Руслан Царев менен Калы Сулайманов коло медаль утушкан.

Дагы караңыз

Мирзиёев газдын экспортун азайтмак болдуПутин: Кыргызстанда саясий түшүнүк өнүгө элекЖетекчилерди сынаган Жетим-Тоо Ошто Кылычбек Саркарбаев камалды