Коронавирус жугузган Макрон менен жолуккан Европанын бир катар лидерлери обочолонуп иштөөгө өттү

Евробиримдиктеги өлкөлөрдүн лидерлери.

Франциянын президенти Эммануэл Макрон коронавирус жугузуп алганы аныкталган соң Европанын бир катар лидерлери обочолонуп иштөөгө өтүштү.

Елисей сарайы француз президенти илдетти жугузуп алганын жарыялангандан кийин Европа кеңешинин төрагасы Шарль Мишел, Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү уюмунун баш катчысы Анхел Гурриа, Испаниянын, Португалиянын, Белгиянын жана Люксембургдун премьер-министрлери обочолонуп иштей баштады. Өткөн аптада Макрон Евробиримдиктин башка лидерлери менен бирге уюмдун Брюсселде өткөн эки күндүк саммитине катышкан болчу.

43 жаштагы Эммануэл Макрондун вирус жугузуп алганын Елисей сарайы 17-декабрда жарыялады. Анын илдетти кайдан жугузуп алганы белгисиз. Француз президенти бир жума обочолонуп иштейт. Өлкөнүн премьер-министри Жан Кастекс менен парламенттин спикери да ушундай режимде иштей турганы белгилүү болду.

Макрондун жубайы Бриджит Макрондун коронавируска тапшырган тести таза чыкканы кабарланды.

Буга чейин АКШнын президенти Дональд Трамп, Британиянын премьер-министри Борис Жонсон баштаган бир катар дүйнөлүк лидерлер коронавирус жугузуп алышкан. Алардын көбү айыгып чыкты. Ал эми Францияда болсо өлкөнүн мурдагы президенти Валери Жискар д`Эстен 94 жашында коронавирустан көз жумган болчу.

Францияда учурда вирусту жайылтпоо үчүн чектөөлөр киргизилген. Бул өлкөдө жалпысынан 2,5 миллиондой адам коронавирус жугузса, анын 60 миңдейи каза болду.