USAID өкмөттүк эмес уюмдар үчүн кургак учук менен ооруган бейтаптарга жардам берүү боюнча окутуу уюштурду

«Кургак учук менен ооруган бейтаптарды коштоодо өкмөттүк эмес уюмдардын ролу» тренингинен бир көрүнүш.

USAIDдин «Кургак учукту айыктыруу» долбоору бул ооруга баштапкы медицинанын деңгээлинде каршы туруу ишине тартылган өкмөттүк эмес уюмдардын (ӨЭУ) кызматкерлери үчүн «Кургак учук менен ооруган бейтаптарды коштоодо ӨЭУнун ролу» деген тренинг өткөрдү. Долбоордун басма сөз кызматынын 22-декабрдагы маалыматына караганда, тренингге Улуттук Кызыл Ай коомунун, «Айылдык ден соолук комитеттери», «TB-People» жана «Ооруканалар ассоциациясы» уюмдарынын өкүлдөрү катышты.

Алар түздөн-түз көзөмөлдөнгөн дарылоо уюштуруудан, кургак учукту дарылоодогу терс көрүнүштөргө мониторинг жүргүзүүдөн тартып бейтаптарды коштоодогу клиникалык, социалдык, психологиялык өзгөчөлүккө чейинки практикалык ыкманын бардык өңүттөрү боюнча толук маалымат алышты.

«Кургак учукту башкарууда» жана бул ооруга чалдыккан адамдарга карата кодулоо (стигма) менен басмырлоонун азайышына алып келе турган социалдык, жүрүм-турумдук өзгөрүүлөрдү киргизүүдө өкмөттүк эмес уюмдардын ролун аныктоо тренингдин катышуучулары арасында кызыгуу жаратты. Мындан сырткары алар USAIDдин «Кургак учукту айыктыруу» долбоорунун алкагында өткөрүлгөн «Медициналык жардамга жана кургак учукту дарылоого кайрылууда максаттуу топтордун жүрүм-турумуна таасир тийгизген факторлорду баалоо» деп аталган формативдик изилдөөнүн жыйынтыгы менен таанышты.

Кургак учук дүйнө жүзүндө өлүмдүн негизги он себебинин бири болуп эсептелет.

Кыргызстанда бул ооруга кабылгандардын 70% эмгекке жөндөмдүү курактагылар. (RK)