26-декабрга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыргызстан. Иллюстрациялык сүрөт.

26-декабрда түнкүсүн Талас облусунун кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу аймактарында,  Чүй облусунун тоолорунда кар жаайт, Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын жаабайт. Эртең менен жана күндүз Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй облусунун тоолорунда кар жаайт, Ысык-Көл облусунда жаан-чачын жаабайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

ЧүйТалас өрөөндөрүндө түнкүсүн -3…-8, күндүз -2…+3;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн -1…-6, күндүз 0…5;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз 1…6;

Нарын облусунда түнкүсүн -13…-18, күндүз -5…-10;

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -20…-25, күндүз -6…-11 градус болот.

Бишкекте кар жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн -4…-6, күндүз 1…3 градус болот.