9-январда Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлерине туман түшөт. Батыш тараптан жел согуп турат.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -11...-16, күндүз 0...-5,
Талас жергесинде түнкүсүн -14...-19, күндүз -1...+4,
Баткен облусунда түнкүсүн -9...-14, күндүз -2...+3,
Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн -8...-13, күндүз -2...+3,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -9...-14, күндүз -4...+1,
Нарын аймагында түнкүсүн -20...-25, күндүз -7...-12,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -29...-34, күндүз -9...-14° болот.
Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн -12…-14, күндүз 0…-2° болот.