28-январда Москва облустук соту Химки шаардык сотунун Алексей Навальныйды 30 күнгө камоо тууралуу чечими боюнча адвокаттардын доо арызын карайт. Бул тууралуу Кремлдин оппонентинин жардамчысы Леонид Волков «Твиттерге» жазды.
Но... но вчера вдруг закрутились шестеренки "правосудия", стали оформляться документы, и сегодня адвокаты были уведомлены о том, что апелляция на арест была назначена на 28 января — на послезавтра. Совершенно внезапно. pic.twitter.com/vxLbROt92l
— Leonid Volkov (@leonidvolkov) January 26, 2021
Алексей Навальный 17-январда Берлинден Москвага учуп келери менен «Шереметьево» аэропортунда кармалган. Ага карата «Ив Роше» деп аталган иш боюнча шарттуу жаза камакка алууга алмаштырылары айтылып, 30 күнгө камакка алынган.
Учурда оппозиционер Москвадагы «Мастросская тишина» аттуу тергөө абагында кармалып турат.
23-январда Орусиянын бир нече шаарында Навальныйды абактан бошотууну талап кылган акциялар өткөн. Анын жүрүшүндө 3500дөй адам кармалганы белгилүү болду.