Садыр Жапаров президенттик кызматка расмий киришти

Садыр Жапаров.

Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын президентинин кызматына расмий түрдө киришти. Бүгүн, 28-январда Улуттук филармонияда Жапаровдун инаугурациясы өтүп, анда мамлекет башчы катары ант берди. Соңунан президент катары алгачкы сөзүн сүйлөп жатат.

Кыргызстандын алтынчы президенти Садыр Жапаровдун инаугурациясына миңден ашык киши – мыйзам чыгаруу, сот, аткаруу бийликтеринин өкүлдөрү, экс-президенттер жана чет өлкөлөрдүн, эл аралык уюмдардын Кыргызстандагы өкүлчүлүктөрүнүн жетекчилери катышып жатат.

10-январда өлкөдө мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өтүп, ага 17 талапкер катышкан. Шайлоого келген элдин 79,20% Садыр Жапаровго добуш берген. Бул ирет добуш берүүгө шайлоочулардын 39,16% катышты.

Жапаровдун иш бөлмөсү Өкмөт Үйүндө болот. Мурдагы президенттер учурда Жогорку Кеңеш жайгашкан имаратта иштеп келген. Эгемен Кыргызстандын тарыхында ушуну менен тогузунчу жолу президенттик инаугурация өттү. (RK)