Бишкек мэринин милдетин аткаруучу эки вице-мэрге эскертүү берди

Бишкек мэриясынын имараты.

Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев ишиндеги кемчиликтер үчүн эки вице-мэрге эскертүү берди.

Мэриянын маалыматына ылайык, Бишкектин жер маселелери, архитектура жана курулуш боюнча вице-мэри Азамат Сагындык уулуна 1999-жылдан кийин курулган менчик үйлөрдү мыйзамдаштыруу боюнча сунуш киргизүү тууралуу тапшырма берилген.

Андан тышкары тиешелүү документтерди сотко өткөрүү, «Бугу-Эне-Багыш» конушун электр энергиясы жана ичүүчү суу менен камсыз кылуу ишин 26-январга чейин аткаруу тапшырылган.

Ошондой эле шаардын транспорт боюнча вице-мэри Азиз Алымкулов «Бугу-Эне-Багышка» жаңы каттам линиясын киргизүү планын иштеп чыгышы керек болчу.

Берилген тапшырмалардын аткарылышы тууралуу белгиленген тартипте маалымат берилгендиктен эки вице-мэр эскертүү алды. (BTo)

Дагы караңыз

«Кудайдан да, мыйзамдан да коркпогондор»Орусиядагы ур-токмок менен коштолгон каяшаКылмыш иши козголгон өкмөт башчылар