Ниязов менен Сагымбаевдин бөгөт чарасынын мөөнөтү эки айга узартылды

Фарид Ниязов. Архивдик сүрөт.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси болуп иштеген Фарид Ниязовдун жана жансакчысы Канатбек Сагымбаевдин 2020-жылдын 9-октябрындагы окуялар боюнча бөгөт чарасы өзгөрүүсүз калтырылып, мөөнөтү узартылды.

Бул тууралуу 5-февралда “Азаттык” радиосуна алардын адвокаты Замир Жоошев билдирди. Анын айтымында, маселе Биринчи май райондук сотунда каралып, Ниязовдун бөгөт чарасы өзүн катыштырбастан каралды:

“Эки айга узартылды. Ниязовду өзүн №1 тергөө абагынан алып келишкен жок. Коронавируска байланыштуу чыкпайт дешти. Бирок бул жөн гана шылтоо. Себеби мурдагы күнү эле аны Кой-Таш окуясы боюнча сотко алып келишкен. Канат Сагымбаев да уюштуруучу катары шектелип жатат. Анын бөгөт чарасы каралып, үй камагы эки айга узартылды».

Ниязов менен Сагымбаевдин бөгөт чарасынын мөөнөтү 10-апрелге чейин узартылды.

2020-жылдын 4-октябрында Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо өткөн. Анын эртеси нааразылык акциясы уюштурулуп, 6-октябрга караган түнү өлкөдө бийлик алмашкан. Акциялар уланып, 9-октябрда Бишкектин Ала-Тоо аянтында митинг өткөн. Аны уюштурууга шектүүлөр кармалган. Милиция Ала-Тоо аянтындагы таш, бөтөлкө ыргытуу, ок атуу менен коштолгон жаңжал боюнча иш козголгонун маалымдаган. Тергөөнү Ички иштер министрлиги жүргүзүүдө.

Ниязов Бишкектин №1 тергөө абагында отурат. Сагымбаев кийин үй камагына чыгарылган. Алар 2019-жылдагы Кой-Таш окуясы боюнча да соттолууда. (RK)