15-февралга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Бишкек. Иллюстрациялык сүрөт.

15-февралда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан, кар, тоолуу райондорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Күндүз жаан-чачын жаабайт. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -3…+2, күндүз 13…18;

Талас жергесинде түнкүсүн -4...+1, күндүз 12…17;

Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 1…6, күндүз 14…19;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз 4…9;

Нарын облусунда түнкүсүн -8…-13, күндүз 4…9;

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -20…-25, күндүз -2…-7 градус болот.

Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 0…2, күндүз 15…17 градус болот.