Чек ара кызматы: Кыргыз-өзбек тилкесинде абал туруктуу

Кыргыз-өзбек чек арасы. Иллюстрациялык сүрөт.

Бүгүн, 15-февралга карата кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасында абал туруктуу. Бул тууралуу Чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 14-февралда Баткен районунун Суу-Башы деп аталган жеринде Кыргызстандын Баткен жана Өзбекстандын Сох багыттары боюнча чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу болуп өткөн. Жыйынтыгында өзбек тарап тактала элек тилкеге 14-февралда орноткон үч темир-бетон электр мамысы кайра алынган.

Өзбек тараптын расмий органдары бул тууралу комментарий берише элек.

"Азаттык" радиосуна маалым болгондой, ушу тапта Баткен районунун Боз-Адыр айылы менен Өзбекстандын Сох анклавынын Шархобад айылынын чек арасында 10-15 адам топтолуп турат. Абал туруктуу. Чек арадагы автомобилдик каттам кадимки тартипте иштеп жатат. (JsA)