Европа мамлекеттеринин тышкы иштер министрлеринин 22-февралда өтө турган жыйынында оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйдын камалышына байланыштуу Орусияга жаңы санкцияларды киргизүү маселеси талкууланат. Бул тууралуу Австриянын тышкы иштер министри Александр Шалленберг "Welt am Sonntag" басылмасындагы маегинде билдирди.
Ал Евробиримдикке кирген 27 мамлекет санкцияларды колдоп берет деген үмүттө экенин кошумчалады. Буга чейин Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча комиссары Жозеп Боррел да санкция тууралуу маселе 22-февралда талкууланарын "Твиттерге" жазган. Ал Орусиядагы соттор Адам укуктары боюнча Европа сотунун Навальныйды бошотуу боюнча өтүнүчүн көзгө илбей жатканын билдирген.
Russian courts continue to ignore the @ECHR_CEDH ruling on the case of Alexei @Navalny.With EU27 ministers, we will discuss EU actions at the Foreign Affairs Council meeting on Monday. #FAC
— Josep Borrell Fontelles (@JosepBorrellF) February 21, 2021
20-февралда Москва соту Кремлдин келишкис сынчысы, оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйга карата буга чейин чыккан чечимди күчүндө калтырды. Ошол эле күнү Навальный согуш ардагеринин кадыр-баркына шек келтирди делген айып боюнча күнөөлүү деп табылып, ири суммадагы айып пул төлөөгө милдеттендирилди. Эки сот жараяны тең саясий мүдөө менен өткөнүн укук коргоочулар жана эл аралык уюмдар белгилеп келишет. Алексей Навальный өткөн айда Германиядан дарыланып келери менен камакка алынган.
Дагы караңыз Москва-Брюссель айрылыш алакасы