Түркмөнстанда Алабай тукумундагы ит майрамы негизделди (видео)

Алабай итинин эстелиги. Ашхабад шаары

Түркмөнстанда Алабай тукумундагы итке байланыштуу майрам негизделди. Бул майрам мындан ары жыл сайын апрелдин соңку жекшембисинде - Ахал-теке жылкысынын (Ahal-teke aty - түркмөнчө - ред.) күнү менен чогуу белгиленет.

Тийиштүү жарлыкка президент Гурбангулы Бердымухамедов кол койгонун жергиликтүү басылмалар 25-февралда кабарлашты.

2020-жылдын ноябрында Бердымухамедов Ашхабадда алабайдын алтын жалатылган эстелигин салтанаттуу түрдө ачып берген. Эстеликтин астына Led-монитор орнотулуп, алабай породасындагы иттер катышкан видеороликтер көрсөтүлгөн.

Эстелик ачылардан 2 ай мурун Бердымухамедов түркмөн алабайы жөнүндө китеп жазган. Мамлекет башчынын алабайды мактаган ырларына Түркмөнстанда обон чыгарылып, ырчылар аны аткарып жүрүшөт.