9-марттын аба ырайы: Бишкекте +17

9-мартка караган түнү Ысык-Көл, Нарын, Чүй облустарынын кээ бир райондорунда жамгыр, тоолуу аймактарда кар жаайт. Батыш тараптан жел согуп турат.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0…5, күндүз 12…17;

Талас жергесинде түнкүсүн -1.+4, күндүз 12…17;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 1…6, күндүз 14…19;

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -3…+2, күндүз 6…11;

Нарын облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз +4...+9;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн --18…-23, күндүз -4…+1°;

Бишкек шаарында түнкүсүн жамгыр жаашы күтүлөт. Күндүз күн ачык. Абанын түнкү температурасы +1…+3°, күндүз +15…+17° жылуу болот.