COVID-19: Казакстанда бир күндө оорудан жыйырма адам ажал тапты  

Казакстандын Саламаттыкты сактоо министирлиги 5-апрелде өткөн эки суткада коронавирус дагы 1 921 адамдан аныкталганын кабарлады.

Жекшемби күнү Алматада инфекция 611 адамдын анализинен тастыкталса, баш калаа Нур-Султанда дагы 368 тургун жуктуруп алды.

Илдеттин вирус аныкталбаган түрүнүн өсө баштаганы да катталган. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, 3-апрелде COVID-19 илдетинин белгилери бар пневмониянын 17 учуру чыкты.

Өткөн ишемби күнү өлкө боюнча коронавирустун кесепетинен киши 20 каза тапты. Анын он сегизинен коронавирусу чыкса, калгандарынан пневмония аныкталган.