Жо Байден Конгресске алгачкы кайрылуусун жасады

АКШ президенти Жо Байден.

Шаршемби кечинде АКШнын президенти Жо Байден Конгресске жасаган алгачкы кайрылуусунда "Американын келечегин бекемдей турган" аракеттердин пландарын сунуштады.

Президент анда администрациянын америкалыктарды коронавируска каршы эмдөө кампаниясынын ийгилиги тууралуу айтты.

Дагы караңыз COVID-19: АКШ эмдөөнү тездетти

Байден ошондой эле өлкөнү бутуна тургузуп, жакынкы он жылдыкта дүйнөдөгү лидерлеригин камсыздоо үчүн өкмөт дагы көп аракеттерди көрүшү зарыл экенин белгиледи. Ал бул үчүн төрт триллион доллар турган планын жактырып берүүсүн өтүндү.

"Америка токтогон жок. Алдыга баратат. Биз азыр токтой албайбыз. Биз XXI- кылымда Кытай жана башка мамлекеттер менен жарышып жатабыз",-деди бийлик башына келгенине 100 күн болгон Байден.

Байден Америкада жумуш орундарын түзүү боюнча эки триллион доллар турган планы тууралуу кеңири айтып берди. Ага ылайык, көпүрөлөр, жолдор, электромобилдер үчүн жүз миңдеген станциялар жана башка долбоорлор курулат. Президент маянаны саатына 15 долларга чейин көтөрүүгө чакырды. Ошондой эле Байдендин "Америкалык үй-бүлө" планы боюнча АКШда мектепке чейинки мекемелерде жана эки жылдык коллеждерде билим алуу бекер болушу шарт. Президент медициналык камсыздандыруу менен дары-дармектердин баасын арзандатууну да сунуштады.

Кошмо Штаттардын лидеринин айтымында, бул пландардын баардыгы корпорацияларга жана жылына 400 миң доллардан көп тапкандарга салынган салыкты көбөйтүү аркылуу ишке ашырылат. Бирок мындай демилгени Конгресстеги республикачылар жана айрым демократтар дагы четке кагышты.