Чек ара: жараат алган жарандардын абалы

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Баткенде кыргыз-тажик чек ара тилкесиндеги кагылышууда жабыркагандардын 25и Бишкектеги Травматология жана ортопедия борборуна, Улуттук госпиталга жана Улуттук хирургия борборуна жаткырылды. 30-апрелде таңга маал Травматология жана ортопедия борборуна түшкөн 14 бейтаптын абалы орто. Алардын баарына ок тийген. Ушул эле күнү Бишкекте республикалык Кан борборуна барып кан тапшыргандардын узун кезеги пайда болду.