Кенжебай Жакшылыков: Согуш туткундарын бошотууга катышкам

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

40тан ашык чөбөрө, 30дан ашык небере жана тогуз уул-кыздуу болгон ардагер согуш жылдары ал үчүн өтө оор мезгил болгонун айтат. Кенжебай Жакшылыков советтик армиянын катарында жети жарым жыл кызмат өтөгөн. Улуу Ата Мекендик согуш аяктагандан кийин 428-аткычтар полкунун катарында 1947-жылга чейин Новосибирск шаарында жапон согуш туткундарын кайтарууга катышкан. Ал эми 1947-1948-жылдары Арменияда чек ара бөлүктөрүндө кызмат өтөгөн экен.