COVID-19: алты бейтап көз жумду, 321 адамдан жаңы аныкталды

Кыргызстандагы бейтапканалардын бири. Архив сүрөт.

Акыркы бир сутка ичинде Кыргызстанда COVID-19 илдетинен дагы алты бейтап жумду. Алар Чүй облусунда жана Бишкек шаарында дарыланып жатышкан.

Илдетке каршы республикалык штаб кабарлагандай, 9-майга карата 321 адамдан оору жаңы аныкталды. Мурда ооругандардан 292 киши айыкты.

Ушуну менен өлкөдө коронавирус пандемиясы башталган 2020-жылдын март айынан бери андан каза болгондордун саны расмий эсепте 1655ке жетти.

Кыргызстанда Кытайдын "SinoPharm" жана Орусиянын "Спутник V" вакциналары менен эмдөө жүрүп жатат. Расмий эсепте 40 миңдей киши вакцина алды.

Кытай препараты 75 миң адамга, орус препараты 10 миң адамга жетет. Кошумча вакцина алуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Өкмөт эл аралык COVAX прогроммасынын алкагында британ-швециялык "AstraZeneca" вакцинасы да келерин билдирген.

Илдетти жугузуп алгандардын жалпы расмий саны 98 400, айыккандар 91 559 кишини түздү.