Иранда президенттикке талапкерлердин дебаты өттү

Талапкерлердин бири Ибрагим Раиси.

Иранда 18-июнга белгиленген президенттик шайлоонун алкагында талапкерлердин алгачкы дебаты өттү. Үч саатка созулган дебатта талапкерлер өлкөдөгү экономикалык абал боюнча кайым айтышты. Ирандын Сакчылар кеңеши президенттик шайлоого катышууну каалаган 600дөй адамдын ичинен жети саясатчыны талапкер катары каттаган.

Алардын бешөө ультраконсервативдүү саясатчылар болсо, экөө өлкөдө реформаны каалаган байистүү позицияны карманат. Консервативдүү саясатчылар учурдагы президент Хасан Роуханинин соңку сегиз жылдагы башкаруусун сынга алып, ага пикирлеш болгон талапкер Абдолнасер Хеммитини айыпташты. Акыркы жылдары Иранда Борбордук банктын башчылыгын аркалаган Хеммати болсо ашкере динчил саясатчыларды Батыш менен мамилени бузган деп күнөөлөп, өлкөнүн экономикалык оор кырдаалга кириптер болушуна санкцияларды негиз келтирген.

Ал эми Ирандын сот тармагын жетектеген Ибрагим Раиси байистүү талапкерлер менен көп айтышпай, көбүнесе экономикалык көйгөйлөргө басым жасады.

Сакчылар кеңеши тандаган жети талапкердин арасынан ашынган диниятчы Раисинин президент болуу мүмкүнчүлүгү жогору бааланып жатат.

Ирандын учурдагы президенти, байистүү көз караштагы саясатчы саналган Хасан Роухани эки мөөнөт иштегени үчүн бул жолку шайлоого катышкан жок.

Дагы караңыз

Жоголгон Инанды, жоопсуз алты күнЧек ара: активисттер Эл аралык кылмыш сотуна кайрылыштыБайден Путин менен жолугушууда адам укуктары боюнча көйгөйлөрдү көтөрөтУКМК Унжу-Булакта кырдаал тынч экенин билдирдиЖапониядагы тандоо оюндары: Крестинин уюштуруу иштерине нааразы