Косово Сириядагы лагерлерден 11 кишини мекенине алып келди

Косовонун коопсуздук күчтөрүнүн өкүлдөрү.

Косово Сириядагы лагерлерден 11 кишини мекенине алып келди. Ички иштер министрлиги 17-июлда билдиргендей, алар "Ислам мамлекети" террордук тобуна кошулуп кеткен эркектердин жубайлары жана балдары.

"Алар биздин жардамыбызга жана колдообузга муктаж",- деп айтылат расмий баяндамада.

Косово өкмөтү мекенине кайтып келгендер коомго интеграция болушу үчүн бардык зарыл чаралар көрүлөрүн, бирок экстремисттик идеялардан баш тартпагандар жазаланарын билдирди.

Косово 2019-жылы да Сириядагы лагерлерден 110 жаранын алып келген.