Орусия, Тажикстан жана Өзбекстан чогуу аскердик машыгуу өткөрөт

Иллюстрациялык сүрөт

Тажикстандын жана Өзбекстандын аскерлери Орусиянын Куралдуу күчтөрү менен чогуу аскердик машыгуу өткөрөт. Машыгуулар Тажикстандын Ооганстан менен чектеш аймагында болорун Дүйшөмбүдөгү "Азия Плюс" агенттиги өкмөттөгү булактарга таянып билдирди.

Басылма машыгуулар "Харбамайдон" полигонунда 1-августта башталып, он күнгө уланарын жазды. Ага аба күчтөрү, чопкутталган аскердик техникалар жана атайын отрярддар катышат.

Машыгуу ооган жергесинен кирип келиши мүмкүн болгон согушкерлерге каршы туруу максатында уюштурулууда.

Дагы караңыз

Дүйшөмбү оогандык кыргыздарды артка кайтардыТИМ оогандык кыргыздарга байланыштуу комментарий бердиАзербайжан: журналисттер тыңшалганы ашкере болду Чечилбеген чек ара, арасат абалдагы студенттерЫсык-Көлдө жоголгон туристти издөөгө кошумча күч тартылды