Легендарлуу парламенттин депутаты Шергазы Мамбетов көз жумду

Cүрөт Kaktus.media басылмасынан алынды.

Легендарлуу парламенттин депутаты, "Кумтөр" боюнча биринчи парламенттик комиссиянын төрагасы, академик Шергазы Мамбетов 85 жашында көз жумду. Бул тууралуу анын жакындары кабарлады. Айрым маалымат каражаттары ал пневмониядан улам дүйнөдөн кайтканын жазды.

Техника илимдеринин доктору, тоо инженери Шергазы Мамбетов Жети-Өгүз районунда төрөлгөн. Кесиби боюнча илимий багытта иштеп, 1990-1995-жылдары Жогорку Кеңештин депутаты болгон.

Эл агартуунун отличниги наамы, профессор даражалары ыйгарылган.

Сөөгү 21-июлда Бишкектеги Ала-Арча көрүстөнүнө коюлат.

Дагы караңыз

Казакстан: жумушчулар шартты жакшыртууну талап кылуудаКара-Дарыяда алты жаштагы кызды сел агызып кеттиМалинин убактылуу президентине кол салуу болдуОрусия: кыйноого кабылган мигранттар Дүйнөдөгү эң бай адам космоско учту