Жогорку Кеңештин ишин жөнгө салган мыйзамдар кайра жазылды

Жогорку Кеңештин имараты

Парламенттин ишин жөнгө салган мыйзамдарды жаңы Баш мыйзамга шайкеш келтирүү үчүн жаңы жазылган мыйзам долбоорлору боюнча парламенттик угуу өтүп жатат.

Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде өтүп жаткан парламенттик угууга беш мыйзам долбоору чыгарылды. «Жогорку Кеңештин регламенти», “Депутаттардын статусу” жөнүндө конституциялык мыйзам долбоору жана “Айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү”, Жогорку Кеңеш тарабынан контролдук иш-милдеттерди жүзөгө ашыруунун тартиби”, Жогорку Кеңештин ишин мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттарында чагылдыруу тартиби жөнүндө" мыйзам долбоорлору.

Кыргызстанда 5-майдан баштап президенттик башкаруу формасындагы Конституция иштеп баштады. Ага ылайык парламент депутаттарынын укуктары бир топ азайган.

Мурда өкмөттү парламентке келген фракциялардын коалициясы кураса, жаңы Баш мыйзамда өкмөттүн түзүмүн жана курамын президент аныктап, парламентке макулдук алуу үчүн гана алып келет. (МТа)

Дагы караңыз

Лейлекте аял депутаттар үчүн окуу уюштурулдуТаңкы Азаттык (3-чыгарылыш)COVID-19: дагы 12 адам көз жумду, 973 бейтап жаңы катталды