Августтун аягында кыргызстандыктар төрт күн эс алат

Бишкек шаары.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги 28, 29, 30 жана 31-августту эс алуу күндөрү катары жарыялаган токтом кабыл алды. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Жарлыкка ылайык, 2021-жылдын 10-майындагы эс алуу күнү 2021-жылдын 30-августуна которулган. Ошентип кыргызстандыктар 4 күн эс алышат 28-29-август ишемби, жекшембиге туура келет. Ал эми 31-августта Эгемендик күнү белгиленет.

Быйыл Кыргызстандын эгемендик алганына 30 жыл толот. (BCh)

Дагы караңыз

"Чемпион", "сөгүнчөөк"... Мэрликке көрсөтүлгөндөрдүн таржымалыСССРди тараткан төңкөрүшЖапаров: Ишкерлерге мамлекеттик кепилдик алууга сынак жарыяланат IT жана инновациялык чечимдерди колдогон сынак