Акжол Махмудов аукциондун акчасынан Аруузаттын дарылануусуна жардам берерин билдирди

Акжол Махмудов Токио Олимпиадасында. 2021-жылдын 2-августу.

Спортчу Акжол Махмудов Токио Олимпиадасында кийип күрөшкөн кийимин сатуудан түшкөн акчанын 60% оор илдетке чалдыккан наристе Аруузатка жардам катары берерин билдирди.

Аукцион 25-августта өтүп, анын спорттук кийими 26 миң долларга сатылган.

Быйыл эки жашка чыккан Аруузат аттуу кыз ДНК анализин текшергенде оор илдети аныкталганын ата-энеси 2020-жылдын ноябрь айында билдирип, акча чогулта башташкан. 2,3 миллион доллар керек экени белгилүү болгон.

Бүгүнкү күнгө карата бул акчанын 46 проценти чогулду.

Сумма өтө чоң болгондуктан Аруузаттын көйгөйү жалпы коомчулукка маалым болуп, түрдүү кайрымдуулук акциялары уюштурулуп келе жатат.

Махмудов Токиодогу жайкы Олимпиадада грек-рим күрөшүнөн күмүш медаль алды. 23-августта ал II даражадагы “Манас” ордени менен сыйланды. (RK)

Дагы караңыз

Жалган маалыматка каршы мыйзам ишке кирди: ал кантип иштейт?Өкмөт: 84 миң баланын ата-энеси мигрант болуп сыртта жүрөт Москвадагы кондитердик шоунун финалына чыккан Анара Бишкек, Ош жана Токмокто мэр шайланды