Маданият ишмерлери 2-3-даражадагы "Манас" ордени менен сыйланды

Түгөлбай Казаков

Бүгүн, 31-августта президент Садыр Жапаровдун буйругу менен бир катар маданият, медицина, коомдук ишмерлерге мамлекеттик сыйлыктар ыйгарылды.

II даражадагы “Манас” ордени менен Замирбек Үсөнбаев, III даражадагы “Манас” ордени менен Түгөлбай Казаков, Мираида Далбаева, Айтурган Темирова, Тулкунджан Ахмадалиев жана Күлайым Каныметова сыйланышты.

“Даңк” ордени Гүлсүн Мамашова менен Камчыбек Дюшалиевге ыйгарылды.

Бүгүн Кыргызстанда Эгемендиктин 30 жылдыгы белгиленип жатат. Анын урматына бир катар мамлекеттик сыйлыктар тапшырылууда. (МТа)

Дагы караңыз

Бек Борбиев, Динара Акулова баштаган ырчыларга эл артисти наамы берилди1-сентябрда айрым аймактарда өткүн өтөтЭгемендикке 30 жыл: эмне таап, эмнени жоготтук?Кыргызстанда окуп кеткен оогандыктар Жапаровго кайрылды