Айсулуу: Мен бакытты спорттон таптым

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Жакында өткөн Токиодо өткөн олимп оюндарында Кыргызстан алган үч медалдын экөө балбан кыздарга таандык. Ушундан улам кыз-келиндер күрөшү ушу тапта кызуу талкууда. “Эже-сиңделер” берүүсүндө бул жолу күмүш медалдын ээси Айсулуу Тыныбекова менен күрөштөгү балбан кыздар жана анын спорттук карьерасы тууралуу маектештик. Айсулуу кыргыз коомунда спортто жүргөн кыз-келиндерге жакындарынын колдоосу өтө маанилүү экенин белгиледи.