Бишкекте маалыматтык технологиялар форуму өтүүдө

Иллюстрациялык сүрөт.

Маалыматтык технологияларга арналган кезектеги Кыргыз маалыматтык технологиялар ("КИТ - 2021") форуму Бишкекте өтүп жатат. Ага АКШ, Канада, Орусия, Грузия, Казакстан жана Кыргызстандын IT компанияларынын өкүлдөрү катышууда.

Форумдун алкагында Кыргызстандагы маалымат технологияларын өнүктүрүү боюнча талкуулар жүрөт. Бул жылкы форум пандемия шартындагы санарип тармактагы маселелерге, трансформацияларга, жаңы тренддерге арналат.

"Digital Week" санариптик өнүктүрүү жумалыгынын алкагында уюштурулган иш-чарага Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов, санарип өнүктүрүү министри Дастан Догоев, БУУнун Өнүктүрүү программасынын туруктуу өкүлү Луиз Чемберлейн, Казакстандын санарип өнүктүрүү, инновациялар жана аэрокосмикалык өндүрүш министри Багдат Мусин катышууда. Анда түрк тилдүү мамлекеттердин аймактык бирдиктүү экосистемасын түзүү сунушу айтылды.

Форумдун жүрүшүндө Facebook, Tik-Tok, UBER, WebTotem жана "Касперский лабораториясынын" өкүлдөрү өздөрүнүн тажрыйбасы менен бөлүшөт.

"КИТ - 2021" форумун Санариптик өнүктүрүү министрлиги, "Интернет саясаты жарандык демилге" коомдук фонду, "Электрондук коммерция ассоциациясы" жана "Кыргыз программалык камсыздоо жана кызмат иштеп чыгуучулар ассоциациясы" биргелешип уюштурган. Маалымат технологияларына арналган ири иш-чара 2010-жылдан бери өткөрүлүп келет. (КЕ/NbA)

Дагы караңыз

Баткенде 500 орундуу тигүү фабрикасы иштеп баштады28-ноябрда төрт айылдык кеңеште шайлоо өтөтЖапаров Шыкмаматовду шайлоого узатты Электрди үнөмдөө максатында ашыкча жарыктандырууга тыюу салынды