Москва полициясы мигранттарды текшерип, бир нечесин кармап кетти

Москвадагы миграция борбору. Иллюстрациялык сүрөт

Орусия полициясы Москванын түштүгүндө мигранттардын документтерин текшерип, бир нечесин кармап кетти. Мунун алдында шаардын алыскы Новые Ватутинки кичи районунда белгисиз адамдар баласы менен бараткан кишиге кол салышкан. Чатакка эмне себеп болгону белгисиз. Айрым булактар кол салгандар кавказдыктар болчу деп жазышты. Бирок "Кавказ.Реалии" сайты видеодон улуттарын аныктоо мүмкүн эмес экенин белгилейт.

"Ридовка" сайтынын маалыматына ылайык, ал райондо жергиликтүү тургундар менен кол салгандар мушташка чогулуп жаткан. Полиция машинелерин жөнөтүп, кийин кетип калышкан. Күбөлөр полиция негизинен борбор азиялык мигранттарды текшергенин айтышат.

Тартип коргоочулар бейбаштык беренеси менен иш козгоду.

Дагы караңыз

Тажик жарандары Кыргызстанга үчүнчү өлкө аркылуу кире албайтСтартап: жаңы муундун бизнесиВенгрияга түз каттам ачылат, Казакстан менен алака артат