Бишкек абасы кир шаарлардын сап башына чыкты
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Жүздөгөн мигранттардын Польшага мыйзамсыз кирүү аракети үчүн Евробиримдик Беларуска санкция киргизмей болду. Ырасмий Минск шаркеттин өзүн айыптоодо.
Суук түшкөнү Бишкекти кайрадан кара түтүн каптап, борбор дүйнөдөгү эң кир шаарлардын сап башына чыкты. Адистер көмүрдүн сапатына жана машинелердин түтүнүнө көңүл буруу керектигин айтып жатышат.
УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев парламенттик шайлоого аттанган айрым талапкерлерди бийликтин саясатын тек жерден каралап жатышат деп сынга алды.