Ноокат районунун акими Мирмахмудов айыл өкмөтүнүн башчысын иштен алды

Ноокат району.

Ош облусундагы Ноокат районунун акими Данир Иманалиев Мирмахмудов айыл өкмөтүнүн башчысы Жусупжан Сейитбаевди иштен алды. Акимдин айтуусунда, айыл өкмөтү натыйжасыз иштеген.

Иманалиев башка айыл өкмөттөрдүн иштери да текшерилип жатканын билдирди.

"Айыл өкмөттөгү экономикалык-социалдык көрсөткүчтөр жылган эмес. Эмгек жамаатында 30 киши иштесе, мурунку күнү 12 киши гана иш ордунда экен. Мунун баары айыл өкмөттүн ишинин таасирин көрсөтөт. Ага берилген пландар аткарылган жок", — деди Данир Иманалиев.

Ноокат районунда акимчиликке караган 16 айыл өкмөт, бир шаардык мэрия бар.

Президент Садыр Жапаров "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" мыйзамга 21-октябрда кол койгон.

Ага ылайык, райондун акимин, шаар мэрлерин президент дайындайт. Акимди дайындоодо жана бошотууда президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн кеңеши менен Министрлер кабинетинин төрагасынын сунушу негиз болот.

Акимдерге мамлекеттик органдардын аймактык түзүмдөрүнүн жетекчилерин кызматка дайындоо укугу берилген. Андан тышкары, айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана райондук маанидеги шаарлардын жетекчилерин кызматка дайындайт жана бошотот. (DU)

Дагы караңыз

Алымкулов: Сууну берип жарыксыз отурган болбойтДепутаттыкка талапкер Жаныбек Абиров УКМКга суракка чакырылдыТалас: Вице-спикер шайлоого аралашканы тууралуу арыз териштириле баштады