Бишкекте балдар жана өспүрүмдөр кинофестивалы өтөт

Германия менен Франциянын желектери.

Бишкекте 22-ноябрдан 26-ноябрга чейин балдар жана өспүрүмдөр үчүн немис-француз тасмаларынын фестивалы өтөт. Фильмдер "Ала-Тоо" кинотеатрында акысыз көрсөтүлөт.

Фестивалдын алкагында 13 толук, 12 кыска метраждуу фильм орусча көрсөтүлөт. Талкуулар, Германия жана Франциядан келген коноктор менен жолугушуулар да болот.

Уюштуруучулардын айтымында, "Германия менен Франциянын заманбап фильмдери балдарга гана эмес, бардык курактагы каалоочуларга арналган".

Кыргызстанда биринчи жолу өтүп жаткан иш-чара Казакстандагы Гёте институту жана Бишкектеги Француз альянсы тарабынан Франция менен Германиянын Кыргызстандагы дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн колдоосунда уюштурулду.

Дагы караңыз

"Аксы окуясында бийликтин буйругун аткаргам" Эмгегинин азабын тарткан, башкалар пайдасын көргөн Бектенов Мамлекет жана жарандык коом: кызматташтыктын шарттары, көйгөйлөрү