Ошто Хивадагы Ичан-Калаа музейине арналган көргөзмө өтүп жатат

Ичан-Калаа корук музейинин сүрөтү.

Оштогу "Сулайман-Тоо" музейинде Өзбекстандын Хива шаарындагы Ичан-Калаа музейине арналган көргөзмө өтүп жатат.

Ага Ичан-Калаа корук музейинин макети, ал жердеги тарыхый имараттар, Сайид Исламкожо, Сайид Асфандиярхан, Мухаммед Рахимхан II жана башка мамлекеттик ишмерлердин сүрөттөрү коюлган.

Аталган корук-музей 1920-жылы Хорезм Элдик Республикасынын I курултайынын чечими менен ачылган. Аянты - 26 гектар.

1990-жылы дүйнөлүк маданий мурас катары ЮНЕСКОнун тизмесине киргизилген.

"Сулайман-Тоо" музейинин кызматкерлеринин айтымында, 12-ноябрда башталган көргөзмө эки өлкө ортосундагы мамилени бекемдөө боюнча кол коюлган достук меморандумунун алкагында ишке ашууда. Кийинчерээк Кыргызстандын башка музейлеринде да уюштурулмакчы.

Ал тапта Хивада "Сулайман-Тоо - дүйнөлүк мурас" деп аталган көргөзмө өтүп жатат.

"Сыябан" подкастын угуңуз

Даңазалуу актердин дөөлөтү менен өксүгү"Баласы оорукчан эненин бутунан өбөм"Жамал Сейдакматованын үч махабаты