Шайлоодон улам Бишкекте мектептер убактылуу онлайн окутууга өтүүдө

Иллюстрация.

Бишкек шаарындагы мектептер убактылуу онлайн окутууга өтүп жатат. "Азаттык" байланышкан айрым мугалимдер бул 28-ноябрдагы шайлоого байланыштуу экенин айтышты.

Шайлоо тилкелери жайгашкан муниципалдык мектептердин окуучуларына 27-ноябрда аралыктан билим берилет. Шайлоонун эртеси - 29-ноябрда да окутуу онлайн болот.

Бишкек мэриясы добушканалар жайгашкан мектептерде жана бала бакчаларда шайлоого байланыштуу санитардык тазалык иштери болорун, бул Санэпидкөзөмөл борборунун талабы экенин билдирди.

Кыргызстанда Жогорку Кеңешке шайлоо 28-ноябрда болот.

Бишкекте муниципалдык 97 орто мектеп бар. Көпчүлүк добушканалар мектептерде жана бала бакчаларда жайгашкан.

Дагы караңыз

Кумтөр иши боюнча айыпталган саясатчылар абакта калтырылдыЭлектораттын эркин уюшма топтор аныктайбы? Парламенттик шайлоонун интерактивдүү картасы