5-6-январда Алматыда эмне болгон?

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

5-январда түштөн кийин Алматыда тополоң башталып, белгисиз адамдардын тобу мэриянын имаратына жана аба майданга кирип барды. Шаарда ондогон соода түйүндөрү, дүкөндөр, банктар тонолду. 6-январда казак президенти Токаев Алматыдагы чабуул үчүн “террордук топторду” айыптады. 6-январдын кечинде коңшу өлкөгө орус аскерлери кирди. "Азаттыктын" казак кызматынын кабарчылары 5-6-январда калаанын борборунан тарткан видео.