ИИМ: жазасын өтөп бүткөн 13 тажик жараны өлкөдөн чыгарылды

Чек ара, иллюстрациялык сүрөт.

Ички иштер министрлиги Кыргызстанда жазасын өтөп бүткөн чет мамлекеттин 19 жараны өлкөдөн чыгарылганын билдирди. Ага ылайык, бошотулгандардын басымдуу бөлүгү (13 адам) Тажикстандын жарандары. Ошондой эле Казакстандын төрт, Өзбекстандын эки жараны мекенине кайтты.

Милициянын маалыматына ылайык, тажик жарандары былтыр апрель айында миграциялык мыйзамдарды бузган деген айып менен кармалган. Аларга "чек арадан мыйзамсыз өткөн, мыйзамсыз ишкердик жүргүзгөн" деген күнөө коюлуп, кылмыш ишин Чүйдөгү Аламүдүн райондук соту териштирген.

Соңку айларда Кыргызстан менен Тажикстандын күч кызматтары бири-биринин жарандарын чек арадан "мыйзамсыз кесип өттү" деген күнөө менен кармап, кайра алмашкан учурлар катталган.

Расмий маалыматка ылайык, ушул тушта кыргыз түрмөлөрүндө 300дөй чет өлкөлүк жаран отурат.

Дагы караңыз

Казакстандагы окуялардын кыргыз экономикасына таасири Коронавирус: 14 миллион калктуу Тяньцзиндеги жапырт анализКазакстан: жакындарын издегендер, ЖККУнун жыйыны"Казак президенти чукул реформа жасашы керек"Музыкант Рузахунов Бишкекке келди, беш жаран камакта отурат