Кыргызстанда эки айга жеткидей ундун запасы бар

Иллюстрациялык сүрөт.

Бул тууралуу Ун өндүрүүчүлөр ассоциациясынын башчысы Рустам Жунушов 13-январда Бишкекте басма сөз жыйынында билдирди. Ал буга чейин түзүлгөн келишимдерге ылайык Орусиядан буудай алынып жатканын маалымдады.

Казакстан чек арасын жапкан учурда өлкөдө өндүрүлгөн унду мыйзамсыз ташууга тыюу салуу аркылуу жана Орусиядан келген буудайдын эсебинен элди ун менен камсыз кылууга болорун айтты. Жунушов ундун баасы көтөрүлбөгөнүн, Талас облусунда гана бир аз кымбаттаганын кошумчалады.

Кыргызстан ундун басымдуу бөлүгүн Казакстан менен Өзбекстандан алат.

Быйыл Кыргызстанда сугат суунун тартыштыгы жана аптаптуу ысыктан улам буудайдын дүң жыйымы 41,4%, арпанын түшүмү 58% кыскарган. Буга байланыштуу буудайдын баасы бир жылдын ичинде дээрлик 40% өскөн.

Министрлер кабинети азык-түлүк коопсуздугун алдын алуу үчүн буудайды сыртка экспорттоого тыюу салып, өлкөгө буудай жана ун ташып кирүүгө кошумча нарк салыгын убактылуу алган.

Айыл чарба министрлиги Кыргызстандын буудай азыктарына быйылкы керектөөсүн 750 миң тонна деп баалаган.

Дагы караңыз

Судья Калмаматовдун бөгөт чарасын кароодон баш тарттыМээнеткеч тарыхчы, талбас тарбиячы дүйнө салдыЖогорку Кеңеш: Комитет башчылары талаш-тартыш менен шайланды Сатпаев: Элбашыга сыйынгандар эми Токаевге жармаштыКазакстан: тополоңдо каза болгондор жерге берилүүдөКыргызстанда "омикрон" штаммы катталды, Бишкек "кызыл зонада"