Адахан Мадумаров Башкы прокуратурада сурак берип жатат

Адахан Мадумаров.

Жогорку Кеңештеги "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын лидери, депутат Адахан Мадумаров Башкы прокуратурада сурак берип жатат. Бул тууралуу анын тарапташтары билдиришти.

Мадумаров 17-январда бир күн кечке ортодо тыныгуу менен сурак берген. Ал 14-январда дагы суракта болгон.

"Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери 2009-жылы Коопсуздук кеңешинин катчысы кезинде кол койгон кыргыз-тажик чек арасы тууралуу протоколго байланыштуу күбө катары сурак берип жатат.

Ал соңку окуяларды өзүнүн саясий ишмердиги менен байланыштырып, президент Садыр Жапаровдун атын атап келет.

Жапаров "Вечерний Бишкек" басылмасына курган маегинде 2009-жылы Баткендеги Төрт-Көчө тилкеси боюнча кол коюлган протоколду "чыккынчылык" деп атады.

Былтыр октябрда Садыр Жапаров коңшу мамлекет менен чек ара чечилбей жатканынын бир катар себептерин атаган. Ага Баткендеги Төрт-Көчө тилкеси боюнча Мадумаров кол койгон протокол "кедергисин тийгизип жатканын" да билдирген.

"Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын дагы бир депутаты Орозайым Нарматова Улуттук коопсуздук комитетине диплому боюнча 14-январда сурак берип чыккан. (МТа)

Дагы караңыз

Петро Порошенконун бөгөт чарасы 19-январда аныкталатМинистрлик: 100дөн ашык кыргызстандык Түштүк Кореяда жумушка орношот Казакстан: Жубайлардын сөөгү өрттөнгөн машинеден табылды, дайынсыздар көп Токаевдин атасынын Кыргызстандагы изи