Бишкекте журналист Болот Темировдун кеңсесинде тергөө амалдары жүрүп жатат

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Temirov LIVE каналынын журналисттеринин Бишкектеги кеңесесине милиция кызматкерлери жана беткапчан адамдар келип, тергөө амалдарын жүргүзүүдө. Бул тууралуу жеринен “Азаттыктын” кабарчысы билдирди. Temirov LIVE командасынын өкүлү, журналист Актилек Капаров укук коргоо органдарынын өкүлдөрү алардын кеңсесине 22-январда саат 19:15терде киргенин айтты. Бул окуя боюнча тартип коргоо органдарынан комментарий алуу аракетибизден майнап чыккан жок. "Азаттык" алардан жооп алып берүүгө аракеттенет.