Ооганстанда “Талибан” кыймылы (Кыргызстанда тыюу салынган) Ariana TV менчик телеканалынын эки журналистин бошотту. Бул тууралуу каналдын жетекчиси "Твиттерге" жазды.
Варис Хасрат менен Аслам Эжабды белгисиз себептер менен 31-январда жумушунун жанынан куралчан согушкерлер кармап кетишкен. "Талибандын" расмий өкүлдөрү журналисттердин кармалганы тууралуу маалымат берген эмес.
Хасрат көп жылдан бери саясий бөлүмдө иштейт, Эжаб экономикалык темаларды чагылдырат.
Алар кармалардын алдында телеберүүгө катышкан коноктордун бири “Талибандын” режимин катуу сындаган. Талкуу социалдык тармактарга жайылып кеткен.
Талибдер бийликке келген 2021-жылдын августунан бери нааразылык акцияларына чыккандарды, аялдар укуктарын коргоочуларды, журналисттерди кармап келет.
Бошотулган журналисттер алардын жабдыктарын тартып алышканын, ур-токмокко, кыйноолорго кабылганын айтып беришкен.
Дагы караңыз
Парламент Базарбеков менен Өскөнбаевдин талапкерлигин колдоду Сот бийлигин колго алган эки юристтин таржымалы№39 протокол: Ворухка жол салуунун талаштуу жагы Жаныш Рустенбеков Кыргызстандын Тажикстандагы элчиси кызматынан алынды Шаирбек Ташиев мандатына байланыштуу бир-эки күндө чечим кабыл аларын айтты (видео)