Сокулукта эки жашар бала токмоктолуп ооруканага түштү

Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгы кабарлады. Сабалып, аймактык ооруканага жаткырылган эки жашар бала тууралуу маалымат милицияга 3-февралда кечки саат 9дар чамасында түшкөн.

Бул факт райондук ички иштер бөлүмүндө Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, иликтөө башталды. Тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Кыргызстанда буга чейин дагы ата-энесинен, жакын тууганынан, же бала багуучудан токмок жеп, ооруканага түшкөн учурлар катталган. Социалдык тармактарда чуулгандуу видеолор жарыяланган.

ЮНИСЕФ маалыматына ылайык, Кыргызстанда балдардын 73% үй-бүлөдөгү ташбоор жана тоотпогон мамиледен жапа чексе, 83,5% мектептеги зомбулуктун курмандыгы болот.

Дагы караңыз

Өзбекстандагы кыргыздарда ала качуу жокТемировдун милицияга каршы арызын Бишкек прокуратурасы териштиретТарыхый мурасты талкалаган вандализм