COVID-19: Үч киши каза болуп, 49 адамдан жаңы аныкталды

Иллюстрациялык сүрөт.

Соңку бир суткада (13-февралга карата) Кыргызстанда коронавирус 49 адамдан жаңы аныкталды. Алардын басымдуу бөлүгү Бишкек шаарында – 36 киши.

  • Чүй облусунда – 5,
  • Ош облусунда – 1,
  • Ысык-Көл облусунда – 7 адамдан вирус табылган.

Калган аймактарда ооруну жуктуруп алгандар катталган жок. Саламаттык сактоо министрлиги вирустан дагы үч бейтап каза болгонун билдирди. Ушуну менен өлкөдө COVID-19 жуккандардын жалпы саны 200 миңден ашты, 2927 адам каза болуп, 192 миңден көп киши сакайып чыкты.

3-февралда Коронавируска каршы күрөшүү штабынын жыйынында саламаттык сактоо министринин орун басары Улукбек Бектурганов Кыргызстан вирустун төртүнчү толкунунун чегинен өткөнүн айткан. (КЕ)

Дагы караңыз

"Азаттыктын" журналисти Айбек Бийбосунов Уланбек Эгизбаев атындагы сыйлыкты алдыБайден менен Путин Украинанын тегерегиндеги кырдаалды талкууладыМурдагы министр Молдомуса Конгантиев каза болдуУланбек Эгизбаев атындагы сыйлыктын жеңүүчүлөрү аныкталды