Киев дипломатияга, Москва жикчилдерге таянат

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Орусия Украинанын чыгышындагы жикчилдердин “Донецк элдик республикасы” жана “Луганск элдик республикасы” деп аталган аймактарын көз карандысыз мамлекет катары тааныды. Ага удаа президент Владимир Путин бул аймактарга орус аскерлерин киргизүүгө буйрук берди. Кремлдин мындай аракетин Батыш кескин сындап жатат.